«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:52, 5 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ Н. Түгөлов атындагы – Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-­декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулган. 1977‑83‑ж. ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери КРдин эл артисти К. Мадемилова, 1983-жылдан КРдин эл артисти балетмейстер М. Асыл­башев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑ж. КРдин эл артисти Н. Тугөловдун

Ансамбль «Сары өзөн баяны» бийин аткарууда.

ысымы берилген. Коллективдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Аккуу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бий­лер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.