АБДЫЛДАЕВ Табылды

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:43, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Табылды (2. 3. 1932, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Бостери айылы - 17. 10. 2000, Бишкек) - философия илимд. доктору (1968), проф. (1969). 1952-ж. КРдин ИАнын корр. мүчөсү (1989).

АБДЫЛДАЕВ 443.png


1956-ж. КМУну бүтүрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966-88-ж. КММИнин филос. кафедрасынын башчысы, 1988-2000-ж. КР ИАнын философия жана укук ин-тунда бөлүм башчы болуп иштеген. Адам экологиясынын филос. маселелери б-ча адис. Анын ил. эмгектери негизинен биол. түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. А-дин изилдөөлөрү илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, б. а. азыркы мезгилдин кеңири экол. проблемалары менен тыгыз байланышкан. Ал Бишкек ш-ндагы философтордун ил. эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги, редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасынын жана экология б-ча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы, 8 ил. эмгек чыккан. 70тей ил. эмгектин (анын ичинде 12 монография) автору.
Эмг.: Философские вопросы о виде. Ф., 1966; Понятие «вид» в современной биологии. Ф., 1971; Соотношение различных тенденций в исследовании уровней организации живой природы. Ф., 1975; Причинно-следственные связи во взаимоотношении общества и природы (в соавторстве) Ф., 1986.