АБДУЛЛА Хафиз

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
19:09, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДУЛЛА Хафиз (чыныгы аты-жөнү – Файзуллаев Абдулла; 1869–1944 дата смерти 17 мая 1944, Ташкент ) – артист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Намангандагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу музыкалык драма театрында, согуш жылдарында Ташкент обл-нун Янги-Юл шаардык музыкалык драма жана комедия театрында эмгектенген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» ж. б. ырларды аткарган. Абдулла-Хафиз аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.