«АБРИСКИЛ» эпосу
Jump to navigation
Jump to search
«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын өз элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн күрөшү чагылдырылган. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге Кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып койгондугу баяндалган. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.