ДАЛАДЬЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:14, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ДАЛАДЬЕ́ Эдуард(18. 6. 1884, Карпантра – 10. 10. 1970, Париж) – француздук саясий жана мамлекеттик ишмер. Наабайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Лион университетинен тарыхый билим алган. 1-дүйнөлүк согушка катышкан. 1919-жылдан. Республикалык радикалдар жана радикал-социалисттер партиясынан (РПРРС) бир нече жолу депутат болкп шайланган. 1924–40-жылдары өкмөттүн мүчөсү да болгон. 1933-ж. (январь-октябрь), янв. – февр. 1934-ж. (январь-февраль), . 1938–1940-жыл-дары Министрлер кабинетинин төрагасы болгон. Ал Элдик фронтко катышып да катышып, бирок, 1938-жылдагы Мюнхен келишимине кол койгон. 1939-ж. 3-сентябрда Даладье өкмөтү Германияга согуш жарыялаган, бирок «таң калыштуу согуш» 1940-ж. жайында Франциянын жеңилиши менен аяктаган. 1940-ж. «Виши» өкмөтү тарабынан куугунтукка алынып, 1942-ж. сот жообуна тартылган. Кийин Германияга сүргүнгө айдалган. 1946–58-ж-дары Улуттук чогулушка мүчө. 1947–54-ж-дары Солчул республикачылар бирикмесин жетектеген. Индокытайдагы Франциянын колониялык согушуна (1945–54) жана Европалык Коргоо коомчулугун түзүүгө каршы болгон. 1958-ж. Бешинчи республика түзүлгөндөн кийин, ал саясий иштерге катышуудан баш тарткан.