АЛЮМИНИЙ КУЙМАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:32, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЮМИНИЙ КУЙМАЛАРЫ – алюминийди башка металлдар (Fe, Si, Си, Mg, Zn) менен эритүүдөн алынган куймалар. Алардын тыгыздыгы төмөн (3000 кг/м3ка чейин), электр жана жылуулукту жакшы өткөрүү, коррозияга туруктуу ж. б. касиеттерге ээ. А. к-нын дат баспай турган (А1 – Mg – Si), өтө бышык (AI – Mg – Si - Си, AI – Zn – Mg жана Al – Zn – Mg – Си), темп-рага чыдамдуу (AI – Си – Mg жана AI – Си – Li), жеңил жана жогорку модулдуу (AI – Be – Mg жана AI – Li – Mg) системалары иштелип чыккан. А. к-нын негизги артыкчылыктары салмагынын аз болушу, технол. касиеттеринин мыктылыгы, кесүү-жонуу жана чайкоо, каңдоо ыкмалары менен бекем ширетилиши болуп саналат. Буюмдарды жана тетиктерди жасоодо деформациялануучу жана куюу жолу менен алынуучу болуп бөлүнөт. Деформациялануучу А. к. түтүк, жалпак буюм (листтер), зым ж. б. даярдоо үчүн колдонулуп, согуу, чоюу, созуу жана жумурулоо ыкмалары менен даярдалат. Бардык чыгарылган А. к-нын 80% ин ээлейт. Куюу жолу менен алынган А. к. куюга жарамдуу болуп, курамына легирлөөчү элементтер (Сг, Mn, Mg) кошулат. Алар куйманын касиетин жакшыртат. А. к. негизи констр-лык материал болуп эсептелет. Өндүрүлүшү жана пайдаланышы б-ча болоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Эксплуатациялык мыкты (уникалдуу) касиеттеринин негизинде авиа жана ракета, кеме, автомобиль курууда, о. эле хим. жана нефтехим. продуктуларды ташуучу цистерналарды жасоодо, курулулушта, тамак-аш өнөр жайында ж. б. кеңири колдонулат. Ад.: Термическая обработка алюминиевых сплавов, М., 1961; Альтман М. Б., Стромская Н. Б. Повышение свойства стандартных литейных алюминиевых сплавов. М., 2001.