АЛЬТАМИРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬТАМИРА – жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер ш-на жакын жерде жайгашкан. 1876–79-ж. испан археологу ― Марселико Санс де Саутуолой ачкан ж-а изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк м-н тартылган ж-а ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, о. эле таш куралдары табылган.

АЛЬТАМИРА – 26.png

Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөрдө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук мад-ттан маалымат берет. А. – бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинине киргизилген археол. эстеликтердин бири.