АЛЬП ТООЛОРУ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЬП ТООЛОРУ (кельт тилинде alp – бийик тоо) – Европадагы эң бийик тоо системасы. Франция, Италия, Швейцария, Германия, Австрия, Монако, Словения, Лихтенштейн мамлекеттеринин аймагында. Жер Ортолук деңизден Орто Дунай түздүгүнө чейин түн.-батышка ийилген дого сымал созулган кырка тоо менен тоо массивдеринин татаал системасы. Уз. 1200 кмдей (догонун ички чети б-ча 750 кмдей). Туурасы 260 кмге чейин. Боден ж-a Комо көлдөрүнүн аралыгында А. т-н кесип өткөн өрөөн аркылуу кыйла бийигирээк Батыш Альп тоол о р у н а (мында тоонун эң бийик жери 4807 мге чейин жетет, Монблан чокусу) жана жапызыраак, жазы келген Чыгыш Альп тоолоруна (4049 мге чейин, Бернина чокусу) бөлүнөт. Бүктөлүү структурасы негизинен альп тектон. кыймылынан пайда болгон. А. т-нун кыр зонасы кристаллданган (гнейс, слюдалуу сланец), метаморфизмделген (кварцфиллиттүү сланец) байыркы тоо тектерден турат, мөңгүнүн аракетинен пайда болгон формалары
жана азыркы мөңгүлөр (жалпы аянты 4 миң км2ден ашык 1200дөй мөңгү бар) мүнөздүү. Мөңгү менен түбөлүк кардын этеги 2500–3200 мге чейин түшөт. Капталдарындагы туурасынан жана узатасынан созулуп жаткан көптөгөн өрөөндөрдүн төрлөрүндө өтүүгө ыңгайлуу ашуулар бар, алар аркылуу автомобиль жана темир жолдору өтөт (к. таблицаны). Кыр зонасынан түн.-батыш жана
түштүктү карай мезозоидук акиташ тектүү жана доломитүү тоолор, андан кийинчерээк пайда болгон флиш жана молас формацияларынан турган орто бийик жана жапыз тоолуу Альп өндүрү созулуп жатат. А. т. – Европанын климатын айырмалап туруучу негизги тоскоол. Андан түн. жана батыш тарапка мелүүн климаттуу аймак, түш. таранка субтропиктик жер ортолук деңиз климаттуу ландшафт мүнөздүү. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү батыш жана түн.-батыш айдарым капталдарында 1500–2000 мм, айрым жерлеринде 4000 ммге чейин. А. т-нан Рейн, Рона, По, Адиже д., Дунайдын оң куймалары башталат. Мөңгүнүн аракетинен жана тектон. кыймылдан пайда болгон көлдөр (Боден, Женева, Комо, Лагомажоре ж. б.) көп. Ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. 800 м бийиктикке чейинки аймактын климаты мелүүн, жылуу, түш. капталдарыныкы – жер ортолук деңиздик; жемиш бактары, айдоо аянттары көп, жер ортолук деңиз бадалдары жана жазы жалбырактуу токой өсөт. 800–1800 м бийиктикте климаты мелүүн жана нымдуу; эмен, бук ж. б. өскөн жазы жалбырактуу токой жогорулаган сайын ийне жалбырактуу токой менен алмашат. Мында мал жайытта багылат; төмөн жагында дыйканчылык өнүккөн. 2200–2300 м бийиктикке чейин суук субальп климаты өкүм сүрөт; кар көпкө жатат. Бадал жана өскүлөң шалбаа басымдуу, жайкы жайыт. Андан жогору түбөлүк кар чегине чейин климаты катаалдап, кыска чөптүү альп шалбаасы өсөт, жылдын көп мезгилинде кар жатат. Кыр зонасын кар, мөңгүлүү нивалдык алкак ээлейт; тоо капталдары корум таштуу.
А. т. – Европанын рекреациялык ресурстарга бай региону; анда эл аралык альпинизм, туризм жана тоо лыжа спорту өнүккөн.
Table 2: Альп тоолорундагы маанилүү ашуулар
Ашуунун аты | Деңиз деңг.
бийиктиги (ж)
|
Жайгашкан
жери
|
Транспорттук мааниси |
1 | 2 | 3 | 4 |
Тенда | 1870 | Жээк Альп тоолору | Турин (Италия)-Ницца (Франция) шоссе
жана темир жолдору
|
Фрежюс | 2538 | Кот Альп тоолору | Туннел аркылуу Турин (Италия)-Лион
(Франция) темир жол өтөт.
|
Мон-Сени | 2083 | Кот жана Грай Альп тоо-
лорунун аралыгында
|
Турин (Италия)-Лион (Франция) шоссеси |
Кичи Сен-Бернар | 2188 | Грай Альп тоолору менен
Монблан массивинин
аралыгында
|
Аоста (Италия) - Альбервиль-Гренобль
(Франция) шоссеси
|
Чоң Сен-Бернар | 2469 | Пеннин Альп тоолору-
нун батыш чети
|
Аоста (Италия) - Мартиньи-Виль-Лозанна
(Швейцария) шоссеси
|
Симплон | 2005 | Пеннин жана Леопонтин
Альп тоолорунун ара-
лыгы
|
Милан-Домодоссола (Италия)-Бриг-
Лозанна (Швейцария) шоссеси. Ашуудан
чыгыштагы Симплон туннели аркылуу
жогорудагы пункттарды туташтырган те
мир жол өтөт.
|
Сен-Готард | 2108 | Леопонтин Альп мас-
сиви
|
Лугано - Беллинцона (Италия) - Альт-
дорф - Цюрих (Швейцария) шоссеси жана
темиржол (тунел аркылуу)
|
Сан-Бернардино | 2065 | Леопонтин Альп тоо
лору
|
Лугано - Беллинцона (Италия)- Кур
(Швейцария) шоссеси
|
Бреннер | 1371 | Эцталь жана Циллерталь
Альп тоолорунун ара
лыгында
|
Больцано (Италия)- Инсбрук (Австрия)
шоссеси жана темир жол
|