АЛЬП АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬП АЛКАГЫ негизинен мелүүн жана субтропик кеңдиктеринде жайгашкан тоолордогу табигый бийиктик тилкеси. Анда альп өсумдуктөру басымдуу. А. а-нын бийиктик абалы геогр. кеңдикке, тоо капталдарынын нымдуулугуна жана экспозициясына жараша болот. Субальп алкагынан жогору жайгашып, бийиктеген сайын тоолордо нивалдык алкакка өтөт. А. а. Альп жана Батыш Кавказ тоолорунда 2200–3000 м, Теңир-Тоодо 3000–3500 м, Гималайдын түш. Капталында 3600-5000 м бийиктикте жатат. Жайыт катары пайдаланылат.