АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫМКУЛ Үсөнбаев (1894, Талас обл., Манас р-ну, Кара-Арча айылы – 2. 8. 1963, Фрунзе) – төкмө акын. Кыргыз ССРинин эл артисти (1939). Алымкул 12 жашында ата-энесинен ажырап, ар кайсы туугандарынын колунда чоңойгон. 14 жашынан ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына таанылат. Кыргыздын улуу демократ

АЛЫМКУЛ 19.png

ырчысы Токтогулга 15 жашында жолуккан. Көз карашы калыптанып келаткан жаш ырчыга Токтогул акыл-насаатын айтып, ээрчитип жүрүп өнөрүн үйрөтүп, чыгармачылык багыт берген. Алымкул 25–26 жашында Талас өрөөнүнө таанымал болот. 1931-ж. Покровка р-нундагы «Арал» колхозуна мүчө болуп, колхоз турмушу акындын негизги темасына айланат. 1936-ж. Кыргыз мамл. филармониясына өтөт. Республиканын аймагын аралап, жаңы адамдар менен таанышуу анын акындык чеберчилигин арттырып, ырларынын идеялык маңызын тереңдеткен. 1938-ж. «Ырлар» аттуу 1-жыйнагы чыккан. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Алымкул элди жеңишке үндөп, жоокерлердин эрдигин даңазалаган ырларды чыгарган. 1943-ж. Ленинградга Кыргызстандан жардам катары 34 вагон тамак-аш жиберилген. Аны коштогон делегациянын катарында Алымкул да болгон. Ал кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын жакшы билген. Андан «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алынып жарыяланган. А. чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар аткаруучу да болгон. Токтогул ж-дө бир нече баалуу эскерме жазып калтырган. Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда зор эмгек сиңирген. Анын «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ыр» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Тандалган чыгармалардын бир томдугу» (1973, 1981) ж. б. китептери жарык көргөн. Алымкул – Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку шайланышынын депутаты. Бишкекте бир көчөгө, Талас обл., Манас р-нунун Арал айылындагы мектепке, Ош обл., Ноокат р-нунун Арал айылындагы мектепке, Өзбекстандын Наманган обл., Коргон-Төбө р-нунун Моңол айылындагы мектепке А-дун ысмы берилген. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Байходжоев С. Алымкул Үсөнбаев. Ф., 1962; История киргизской советской литературы. М., 1970.
Б. Алагушов.