АЛЫБАЕВ Эрнис Урбаевич
АЛЫБАЕВ Эрнис Урбаевич (1955-ж.т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Мундуз айылы) – медицина илимд. доктору (2004), проф. (2011). КММИни бүтүргөн (1978). Эмгек жолун Фрунзе ш-дагы №2 ШКОдо врач-интерн, госпиталдык хирургияда врач-ординатор болуп иштеп баштаган. КР Саламаттык сактосунун УХБда врач-хирург, бөлүм башчы, ага ил. кызматкер; И.К.Ахунбаев атн. КММИде госпиталдык хирургия кафедрасында доцент, проф. КР Сламаттык сактоосунун отличниги, грамоталар менен сыйланган. Анын 132 ил. эмг., а.и. 3 монографиясы, 3 окуу куралы, 2 ойлоп табуунун патенти, 5 рационалдык сунушу жарык көргөн. Эмг.: Пути совершенствования радикального хирургического лечения перфоративной гастродуоденальной язвы//Медицинские науки.–М., 2004.–№ №.–С. 27-31.