АЛТЫН ОРДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН ОРДО– 13-к-дын 40-ж-нын башында Батый хан негиздеген мамлекет. А. о-нун бийлиги батышта – Дунайдын аягы менен Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш менен Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий жана Арал деңиздери менен Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган. А.о-нун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи монгол жана түрк көчмөн элдеринен куралган,күч менен гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль д-нын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар, каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. А. о-нун карамагында жашаган элдин коомдук жана маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди жана жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар мад-ттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамл. иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамл. түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик жана админ. кызмат бөлүнгөн эмес. А.о-нун аймагын Жучунун 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган. Мис., Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен башкарган. Кийинчерээк А. о. мурасчыларынын ортосунда феод., согуштар чыккан. 1357–80-ж. ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-к-дын 60-жылдарында А. О-дон Хорезм, бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380-ж. Куликовдогу ордого каршы салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-ж. Тимур А. о-нун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-к-дьш 20-жылдары А. о. биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань жана Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-ж. орустар монголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-к-дын башында чоң ордо толугу менен жоюлган.
3. Эралиев.