АЛТЫН КЕСИЛИШ
Jump to navigation
Jump to search
АЛТЫН КЕСИЛИШ– так аныкталган матем. пропорциялардын өз ара катышы. Мында курамдык эки бөлүктүн бир бөлүгү бүтүндүктөн өзү канча эсе кичине болсо, ошончо эсе экинчи бөлүктөн чоң болот. Өткөн замандын сүрөтчүлөрү менен теоретиктери А. к-ти пропорциялуулуктун идеалдуу (абсолюттук) берилиши деп эсептешкен, ал эми практика жүзүндө бул «бузулгус мыйзамдын» эстетикалык мааниси туура (горизонталдык) жана тике (вертикалдык) багыттардын бирдей эместик күчүнө байланыштуу шарттуу чектелген. Көркөм сүрөт өнөрүнүн практикасында А. к. өзүнүн абсолюттук өзгөрбөс формасында сейрек колдонулат, бул жерде абстракттык матем. пропорциялуулук четтөөлөрүнүн ченеми менен мүнөзү чоң мааниге ээ.