АЛМАЗ
АЛМАЗ (гр. adamas ‒ «жеӊилбес», ар. ‒ алмас ‒ өтө катуу) ‒ минерал, таза көмүртектин (С) кристаллдык модификациясы. Табигый заттардын эӊ катуусу (Моос шкаласы б-ча 10) жана 1-класстагы асыл таш. Ал табигый жана жасалма (синтетикалык) А. болуп бөлүнөт.
Т а б и г ы й А. куб системасында кристаллданат. С. салм. 3‒5. Көбүнчө мөлтүр тунук, кээде
өӊү агыш, саргыч, көгүлтүр, жашыл кызгылт, күрөӊ кара сур. Айрыкча түссүз тунугу өтө баалуу. А. зергерлик менен кырдалгандан кийин, бриллиант (каухар) деп аталат. А. кристаллынын салмагы 0,01 караттан 100, кээде 1000 каратка чейин жетет (1 карат 0,2 г). Суу жукпайт, жарыкка нурланат. Электр тогун начар өткөрөт. Кислоталар менен жегичтерге туруктуу. Селитранын эриндисинде жана содада эрийт (t 500°C). Абасыз жайда же инерттүү газда 3600°Сде графитке айланат. А. алгачкы жана чачынды кендеринен казылып алынат. Алгачкы кендери байыркы калкандар менен платформаларда жайгашкан ультранегиздүү магмалык тоо тек ‒ кимберлитте гана кезигет. Кимберлит түтүкчөлөрүндө А. текши таралбастан, бирин-серин айрым кристалл түрүндө болот. Азыркы мезгилде кенташта (рудада) А-дын өлчөмү 0,4‒0,5 кар/м3ге жеткен алгачкы кендер гана иштетилет. Табигый А-дын пайда болушу тактала элек. Айрым изилдөөчүлөр А. жердин мантиясынын үстүнкү чегинде, б. а. өтө тереӊдикте, кээси платформанын фундаменти менен чөкмө тоо тектердин чектешкен жеринде эле (2‒4 км тереӊдикте) пайда болот деп болжолдойт. Дүйнөдөгү А-дын көбү (80‒85%) чачынды кендерден казылып алынат. Мындай кендерди иштетүү үчүн андагы А-дын саны 0,25‒0,50 кар/м3 болууга тийиш. Жогорку сапаттуу А-дын кендери Уралда, кимберлит түтүктөрү жана чачынды кендери Сибирь платформасында, Тиманда, Украинада, Казакстанда (Көкчө-Тоо), Кырг-нда (Ат-Башы, Ак-Түз, Макмал, Надыр жана Кассах) табылган. Чет өлкөлөрдө А-дын ири кендери Заир менен Түш. Африка Респ-сында, Ангола, Гана, Танзания, Канада, Австралия, Бразилия, Индия, Индонезияда бар. Дүйнөлүк рынокто А. зергерлик жана тех. болуп бөлүнөт. Зергерлик А. негизинен кооздук үчүн колдонулуучу эӊ кымбат баалуу асыл таш. Анын баасы салмагына, тунуктугуна, тазалыгына жараша болот. Майда тунук эмес А. (борт, карбона дого окшогон түрлөрү) катуу тоо тектерди бургулоодо, металл жана таш иштетүү өнөр жайларында колдонулат. С и н т е т и к а л ы к А. көмүртектен жана көмүртектүү заттардан жасалма жол менен алынат. Анын кристаллдык структурасы жана хим. негизги касиеттери табигый алмаздыкындай. А-дын хим. курамы белгилүү болгондон кийин (18-к-дын акырында) көп өлкөлөрдө аны жасалма түрдө алууга аракет жасалды. Жасалма А. 1-жолу 1960-ж. СССР ИАнын Жогорку басымдар физикасы ин-тунда академик Л. Ф. Верещагиндин жетекчилиги астында алынган. А-ды синтездөөдө басым менен темп-ра чоӊ роль ойнойт. Абс. нөл темп-рада А. жана графиттин ортосундагы термод. теӊ салмактуулуктагы басым 1500 Мн/м3
болуп, темп-ра жогорулаган сайын басым көбөйө берет. Басым теӊ салмактуулуктан азайганда ‒ графит, ал эми ашыкча болгондо А. туруктуу болот. Ошондо да А-ды графитке жана графитти А-га айландыруу үчүн темп-ра эӊ жогору (2600°С) болушу керек. Синтезди оӊойло
туу үчүн графиттин кристаллдык торчосунан бузууга жардам берүүчү ар түрдүү агенттер (темир, никель жана алардын куймалары) пайдаланылат. Реакция жүрүүчү аралашмага кошула турган заттар А-дын кээ бир (электрдик жана оптикалык) касиеттерин жакшыртуу үчүн колдонулат. Мис., бор кошундусу А-дын кристаллдарына ачык көгүштөн күрөӊ кызгылтка чейинки өӊдөрдү берет. А-дын кристаллдарынын формасы менен түсү темп-ралык режимге жараша: жогорку темп-рада синтездегенде ‒ тунук октаэдр, темп-ра бир аз төмөндөгөндө ‒ куб октаэдр, ал эми төмөнкү темп-рада кара түстөгү куб кристаллдар алынат да, алар абразивдүү материалдар катары пайдаланылат.
Ад.: Шафрановский И. И. Алмазы. М‒Л., 1964; Коломейская М. Я. Натуральные и синтетические алмазы в промышленности. М., 1967; Трофимов В. С. Основные закономерности месторождений на древних платформах и в геосинклинальных областях. М., 1967; Харькив А. Д., Зинчук Н. Н., Крючков анын ичинде Коренные месторождения алмазов мира. М., 1998; Лаврова Л. Д., Печников В. А., Плешаков А. М. Новый генетический тип алмазных месторождений. М., 1999.