АЛМА кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:21, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМА‒ Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-ндагы кыштак. Шайдан айыл аймагынын борбору. Алма каналынын жээгинде. Райондун борбору Масы кыш-нан 6 км түн.-чыгыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 46 км аралыкта. Деӊиз деӊг. 780 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2267 (2009). Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто, негизги, жардамчы мектептер, бала бакча, амбулатория бар.