АРАЛ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛ ДЕҢИЗИ, – Каракалпак Республикасы менен Казакстандын аймагында жайгаш­кан мала туздуу туюк көл-деңиз. Субтропик алкагынын чөл зонасында жайгашкан. Аянты миң км2 (1991). Басымдуу тереңдиги 10-15 м, эң терең жери 54,5 м. Түн. жээги тик, ба­тыш жээги жардуу, түш. жана чыгыш жээктери түзөң. Барса-Келбес, Кайра жаралуу ж. б. аралдары бар. Көлгө мурда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыя куйган. Суунун бетиндеги темп-pa жайында 26-30°С, кышында 0°С. Кышкысын деңиздин бардык жеринде муз кездешет. Туздуулугу 15,9%о. 20-к-дын 60-жылдарынан баштап, көлгө куйган дарыялардын суусу сугатка кеңири пайдалангандыктан деңиз суусу кескин тартылып, туздуулугу артууда. Азыр Сыр-Дарыя, айай­рым жылдары Аму-Дарыя көлгө куйбай калды. Натыйжада көлгө чектеш аймактарда чөлдөшүү процесси күчөп, социал.-экон. структура өзгөрдү. А. д-нин аймагы – «экол. алаамат зонасы» деп жарыяланып, аны коргоо чаралары көрүлүүдө, к. Арал апааты.

К.Молдошев.