АЛИЗАРИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:03, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЗАРИН (1,2-д и о к с и а н т р а х и н о н), С14Н8О 4 ‒ саргыч кызыл түстөгү ийнече түрүндөгү кристалл зат. Мол. салмагы 240,20; эрүү t 200°C, кайноо t 430°C, сууда эрибейт, бензолдо, уксус к-тасында, пиридинде жакшы эрийт. А. ‒ эӊ байыркы боёк зат. Ал марена өсүмдүгүнүн тамырында гликозиддер түрүндө кездешет. А. көп валенттүү металлдардын (Аl, Са ж. б.) иондору менен түстүү туздарды пайда кылат. А. баалуу боёкторду даярдоодо жана анализдик химияда колдонулат.