АЛЕКСАНДРИЯ СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:14, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРИЯ СОГУШУ (б. з. ч. 48 ‒ 47-ж.) ‒ Александрия ш-нын (Птолемейлер доорундагы Египеттин борбору) тургундарынын Рим императору Юлий Цезарга каршы көтөрүлүшү . Египет падышасы Клеопатра менен анын тестиер иниси Птолемей XIII Дионистин ортосундагы так талашуу үчүн жүргөн күрөшкө Цезарь кийлигишип, Клеопатранын колдоосу жана рим аскер башчысынын Птолемей XIIнин ири өлчөмдөгү карызын шаардыктардын эсебинен кайтарып алуу аракети александриялыктардын нааразычылыгын туудурган. Цезардын 3 миӊге жакын аскерине каршы шаардыктар жана падышалык армия көтөрүлгөн. Цезарь Александрияны жана ага жанаша аймактарды ийгиликтүү коргоого жетишкен. Нилдин боюндагы салгылашууда (48-ж.) Цезарга римдик легиондордун жардамга келиши менен көтөрүлүшчүлөр жеӊилген, жаш падыша Птолемей XIII Дионис курман болгон, Александрия китепканасы өрттөлгөн. Клеопатра Египет тактысына отурган.