АЛЕКСАНДРИЯ МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:10, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДРИЯ МЕКТЕБИ - тил илиминин мектеби. Б. з. ч. 4-кылымдын аягында Египеттин борбору Александрияда түзүлгөн. Ал 640-ж. арабдар Александрияны басып алганга чейин иштеп турган. Александрия мектебинин ири өкүлдөрү: Зенодот Эфесский, Ликофрон, Александр Этолий, Аристофан, Аристарх Самофракский, Дионисий Фракийский, Аполлоний Дискол ж. б. болгон. Александриялык филологдордун эмгектери начар сакталган, көбүнчө кийинки изилдөөчүлөрдүн отчётторунан үзүндүлөр түрүндө (Варрон, Донат, Прискиан ж. б.). Александрия мектебинин салттары филология менен грамматиканын негизин түзгөн. Александрия мектеби грек жана латын илиминин жана Жакынкы Чыгыштын окууларынын айкалышынан келип чыккан. Александрия мектебинин грамматикасы кийинчерээк Европа тил илиминин негизи болуп калган. Ал грамматиканы тил илиминин башка тармактарынан айырмалап, азыркы фонетика, морфология, синтаксис схемасын аныктаган. Сөз трансформациясы жана сөз жасоо категорияларына дагы көңүл бурулган. Александрия мектебинин окуулары тыбыштан баштап, тил түзүлүшүнүн бардык катмарларын изилдөөгө багытталган. Бул мектептин идеялары жана методдору байыркы Рим грамматикасына олуттуу таасир тийгизген.