АЛА-ТОО УЮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:23, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-ТОО УЮ‒ сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн, сүттүү, эттүү уй алуу максатында жерг. инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, Кыргызстан менен Казак Респ-сынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-ж. бекитилген. Өӊү күрөӊ, денеси чымыр, башы чоӊ, кеӊ көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнүн бийикт. 129 см, дене уз. 171см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20см. Инегинин салм. 500‒600 кг, букасыныкы 800‒900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8‒3,9%, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргызстан жана Казак Респ-ларында асыралат. Кыргызстанда уй асылдандыруу жана колдон уруктандыруу станцияларында А. у-нун букалары пайдаланылат.
Ад.: Всяких Л. С., Пак Д. Н. Алатауская порода крупного рогатого скота. М., 1954; Дүйшекеев О. Ала-Тоо тукумундагы уйлар жана аны өркүндөтүү. Ф., 1972.

АЛА-ТОО УЮ31.png