АЛА-ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:20, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-ТОО‒ жайы-кышы чокуларын ак кар, көк муз каптаган, алыстан ала-була болуп көрүнгөн бийик тоолорду чагылдырган геогр. түшүнүк, термин, энчилүү ат. Байыркы кыргыз тилинде ола, ула‒улуу, зор, бийик деген маанини берген. Азыркы кезде да бийик тоолорду жерг. эл жалпысынан «Улуу тоо» деп аташат. «Ала» деген түшүнүк байыркы ола, ула деген сөздөрдөн чыгышы ыктымал. Түрк тилдериндеги аладаг (түрк, азербайжан, түркмөн), алатаг (уйгурча), алатау (казакча), алатуу (алтайча), олатаг (өзбекче) ж. б. формалардын этимологиясы кыргызча «алатоо» деген сөздүн интерпретациясы. Кыргыз эли эзелтен бери мекендеген тоолордун жалпы атын Теӊир-Тоо, Ала-Тоо, айрым жерлерин Ак-Тоо, Кардуу-Тоо, Муз-Тоо деп атап келген. Буга Махмуд Кашгари (11-к.) ж. б-дын тарыхый жазма ад-ттарындагы маалыматтар да

Ак-Шыйрак кырка тоосундагы Давыдов мөӊгүсү.

лил боло алат. «Манас» ж. б. элдик оозеки чыгармаларда Ала-Тоо, Теӊир-Тоо кыргыз жергесиндеги тоолордун жалпы аты катары көрсөтүлөт. Ушул эле пикирди Жеӊи-Жок, Тоголок Молдо ж. б. акындардын чыгармаларынан да байкаса болот. 19-к-дын орто ченинен тартып Ала-Тоо ил. эмгектерде, геогр. карталарда «Тянь-Шань» аталып калганын жерг. эл европалык адабий булактардан билген. Бул Теӊир-Тоо, Ала-Тоонун кытайча сөзмө-сөз которулуп алынган мааниси экендиги азыр бизге маалим болду: теӊир, асман‒тянь, тоо‒шань. Энциклопедиялык, маалыматнаама, о. эле айрым окуу китептерде «Тянь-Шань» Теӊир-Тоо деп берилген. Ала-Тоо деген ат азыркы геогр. энчилүү аттарда сакталып калган, мис. Кыргыз Ала-Тоосу, Талас Ала-Тоосу, Иле Ала-Тоосу, Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо ж. б.