АЛА-БУКА РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:22, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА РАЙОНУ Жалал-Абад обл-нун батыш бөлүгүн ээлейт. 1937-ж. апрелде, Кызыл-Жар р-нунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган. 1956-ж. ага Чаткал р-ну кошулган. 1963-ж. Жаӊы-Жол (Аксы) р-ну менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал р-ну андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы р-ндору, батышынан Өзбекстан Респ-сынын Наманган обл. менен чектешет. Аянты 3 миӊ км2. Калкы 89,7 миӊ (2011). Райондо 41 кыштак, 8 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Ала-Бука кыш.
Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш тармактарын жана анын этегиндеги адырларды ээлейт. Рель- Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Каба-Сай кендеринин мааниси зор. О. эле Терек-Сай алтындын чачыранды кени, Боз-Эмчек алтын, жез ж-а полиметалл, Касан-Сай су3рьма кени бар.































































Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орт. темп-расы ‒10°С, июлдуку 30°С, тоолордо январдыкы ‒20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300‒400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Ала-Бука , Чанач-Сай, Терек-Сай, Сумсар, Касан-Сай суулары агып өтөт. Суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касан-Сай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деӊиз деӊг. 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300‒2500 м бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этектериндеги түздүктө жана адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо капталдарында алча, алма ж.б. аралаш жаӊгак, деӊиз деӊг. 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы -жайыт ээлейт.
Калкы көп улуттуу, көбү кыргыздар (62%), о. эле өзбек, тажик ж.б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы ‒ 1 км2ге26 киши (2004). Калктын негизги бөлүгү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда отурукташкан.
Чарбасынын негизин дыйканчылык жана мал чарбасы түзөт. А. ч. жарактуу жери 150,1 миӊ га , анын ичинде 21,3 миӊ га айдоо жер (анын

АЛА-БУКА РАЙОНУ18.png

12,9 миӊ гасы сугат жер), 258 га чабынды, 129,8 миӊ га жайыт, 861 га бак-дарак; 117 га саздак жери бар. Райондо жеке, дыйкан, фермердик чарба, а. ч. кооперациялар уюшулган. Аларды Зеӊги-Ата, Падек, Ак-Коргон үрөнчүлүк чарбалары үрөн менен камсыздайт. Дан эгиндери, жүгөрү, тамеки, май алынуучу өсүмдүктөр айдалып, жашылча, мөмө-жемиш багы өстүрүлөт. Райондо кара мал , кой-эчки, жылкы (анын ичинде бээ) асыралат. Үй куштары багылат.
Өнөр жай ишканаларынан «Техник» акционердик коому, «Достук-Калача» фирмасы, кыш, тамеки ферменттөөчү з-ддор ж. б. иштейт. «Техник» акционердик коому макарон, «Достук-Калача» фирмасы шарап даярдайт. Кыш з-ду иштейт.
Райондун аймагында алгачкы мектептер 1927-ж. Достук, Кызыл-Ата айылдарында ачылган. Учурда райондо 36 мектеп (анын ичинде 27 орто, 6 негизги, 3 башталгыч), 13 бала бакча, «Жоогазын» эс алуу лагери (Чанач-Сай кыш-нда, 500 орундуу), балдардын билим берүү борбору ачылган, Анда балдардын чыгрмачылык-лык үйү бар. Райондо 128 орундуу борборлоштурулган оорукана, 4 участкалык оорукана, 17 ФАП, район аралык учук оорулар диспансери, санитария-эпидемиологиялык станция, 7 бейтапкана, 19 дарыкана иштейт. Райондун аймагында «Шахфазил» тарыхый-мемориалдык ансамбли бар. Райондук «Айыл акыйкаты» гезити чыгат. .

Т.Төрөбекова.