АКТИНОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:37, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТИНОМЕТР ‒ күн радиациясынын интенсивдүүлүгүн ченөөчү прибор. Иштөөсү каралжын нерсе күн радиациясын өзүнө сиӊирип алып, аны жылуулук энергиясына айландырууга негизделген. Күн радиациясынын интенсивдүүлүгү жылуулук калориясы менен ченелет. Жаратылышта чылк кара нерсе кездешпегендиктен, практикада А. үчүн бети карартылган платина пластинкасы же көмүр ыштары пайдаланылат. Алар күн жылуулугунун 98%ин сиӊире алат. Күн радиациясынын тикеден-тике жылуулук калориясы менен ченөөчү приборлор абс. А-лер деп аталат. А. күн нурларынын энергиялык балансын жана кургакчылыкты изилдөө иштеринде пайдаланылат.