АКТАНОВ Тойчу Кулунтай уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:29, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТАНОВ Тойчу Кулунтай уулу (1910, Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Кашка-Суу айылы ‒ 1942, Воронежге жакын жер) ‒ кыргыз илимпоз-агартуучусу. Ташкенттеги пед. ин-тта окуган (1927‒

АКТАНОВ11.png

30). Фрунзедеги пед. окуу жайында мугалим (1938‒41). Ошол мезгилден баштап ил.-изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле учурда «Кыргызстан» басмасынын редактору болгон. «Кыргыз тилинин синтаксисинин конспектиси» (латын графикасында) деген эмгекти (К. О. Бакеев менен авторлош, 1937), 6‒7-класстар үчүн «Кыргыз тилинин окуу китеби» (1938‒40), «Учебник киргизского языка» (1938) окуу китептерин жазган. «Окууга жана жазууга үйрөтүү үчүн алиппеси» (Н. М. Абрамов менен авторлош) 1947-жылдан 1953-ж. чейин жыл сайын басылып келген. А. 10дон ашуун окуу китептердин автору. «Башталгыч, толук эмес орто жана орто орус мектептери үчүн кыргыз тилинин программасын» (1938), И. А. Батманов менен бирдикте кыргыз тилинин башталгыч класстары үчүн окуу китептерин түзгөн (1936‒38). Бул программанын негизинде орус мектептердин 5‒6‒7-класстарына арналган окуу китептери басылып чыккан (1939). Ал биринчилерден болуп окутуунун пед. ыкмаларын жазып, мектептерге киргизген. Анын ысмы Кашка-Суу орто мектебине коюлган. С. Сыдыков.