АКНАЗАРОВ Корчубек
Jump to navigation
Jump to search
АКНАЗАРОВ Корчубек (1. 8. 1922, Талас обл., Бакай‑Ата р‑ну, Кызыл‑Жар айылы – 1. 2. 2019, Бишкек) – белгилүү мамл. жана саясий ишмер, а. ч. өндүрүшүн уюштуруучу, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1941‑ж. мугалимдиктен баштаган. 1947‑жылдан жетекчи кызматта: компартиянын Чаткал, Ала‑Бука, Октябрь, Базар‑Коргон райкомдорунун 2‑катчысы, Ала‑Бука райаткомунун төрагасы, 1961‑90‑ж. АкТалаа, Жумгал, Кочкор райкомдорунун 1‑катчысы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–90), КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). Эки Ленин, Эки Эмгек
Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.