АСАНАЛИЕВ Абдыбек Жекшеевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:47, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Абдыбек Жекшеевич (15.05. 1961-ж.т., Ысык - Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Өрнөк айылы) – а. ч.. илимд. доктору (2009). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1983). КАЧИде кенже ил. кызматкер (1987–88), ил. кызматкер (1989–90), ассистент (1990–91), доцент (1991–96), агрономия фак-тинин деканы (1996–2000), кафедра башчы жана КУАУнин окумуштуу катчысы (2000–20). Дан өсүмдүктөрүнүн (арпа, жөгөрү), чанактуу өсүмдүктөрдүн (жер жаңгак, нокот, төө буурчак) агротех. ыкмаларын жана үрөнчүлүгүн уюштуруунун алдыңкы ыкмаларын иштеп чыккан (авторлош), өндүрүшкө колдонууга жетишкен. 2009–18-ж. Бириккен Улуттар Уюмунун UNDP жана FAO агенстволорунун, Дүйнөлүк Банктын эксперти, жергиликтүү ж-а эл аралык консультанты. фермерлердин өнүгүүсүнө, студенттердин билим алуусуна түз позитивдүү таасирин тийгизген. Анын 80ден ашык ил. макалалары, кеңештери, окуу китептери жергиликтүү ж-а эл аралык басмалардан жарык көргөн. КРдин агрардык илимдеринин жетишкендиктерин ил. ж-а өндүрүштүк коомчулукка таркатууда ролу зор. А. ч-сынын отличниги (2011), билим берүүнүнүн отличниги (2018). Эмг.: Attaining Food Security in the Kyrgyz Republic trough the Rational Use of Natural Recourses . In book: Food Policy Reforms in Central Asia.-Washington.-2000., p. 147-156; Evaluation of microsatellite-based genetic diversity, protein and mineral content in chickpea accessions grown in Kyrgyzstan. Hereditas. 151: 81-90. 2014. PP.80–90. 2014; Пищевая и семенная цепочки в сельском хозяйстве Кыргызстана и торговля. Доклады Таджикской академии сельскохозяйственных наук. №3.-с. 17-26. 2015