АКИНАК
Jump to navigation
Jump to search
АКИНАК (гр. akinakes – кыска) – темирден жасалган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс жана сак жоокерлери колдонгон.
Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу жана ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Сабынын учу жүрөк, жарым ай жана жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр менен кооздолгон. Кеч сак жана усун доорунда темирден жасала баштаган. Кырг‑нда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн A‑тар табылган.
О. А. Солтобаев.