АКАЕВ Кубаныч

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАЕВ Кубаныч (7. 9. 1919, Чүй обл., Кемин р‑ну, Кызыл‑Суу айылы – 19. 5. 1982, Бишкек) ­акын, КРдин мад‑тына эмг. сиң. кызматкер (1979). Кыргыз мамл. педин‑тун бүтүргөн (1939). 1939‑41‑ж. «Кызыл Кыргызстан», «Кыр­гызстан пионери» гезиттеринин, респ. «Адабият жана искусство» журналынын адабий кызмат­кери, 1942‑47‑ж. Кыргыз радиосунда адабий­ драма бөлүмүнүн жооптуу редактору, Бишкек­теги хроника‑документ фильмдер студиясында башкы редактор, 1947‑52‑ж. Кыргызмамбастын көркөм ад‑т редакциясында редактор болуп иштеген. 1938‑жылдан ырлары респ. гезит‑жур­налдарга чыга баштаган. Жыйнактары: «Жы­лаажын» (1941), «Тоо ыры» (1942), «Салют» (1943), «Бакыт жөнүндө баян» (1945), «Эмгек шаңы» (1950), «Сүйүү жана мара» (1958), «Ба­кыт гимни» (1960), «Өлбөстөр баяны» (1964), «Турмуш дастаны» (1967), «Сүйүү жарыгы» (1969), «Кыял канаты» (1971), «Ырым – адам» , «Кубаныч» (1979), «Майрам» (1981), «Жүрөк күүсү» (1983) ж. б. Анын поэзиясына атуулдук публ. бийик маанай мүнөздүү. Акын­дын бир нече жыйнактары орусчага которулуп басылган. «Ардак Белгиси» ордени жана медал­дар менен сыйланган.