АК-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-КОРГОН – Жалал‑Абад обл‑нун Ала‑Бука р‑ндагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыш‑нан 17 км түш.-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑ж. чейин отурукташкан. Де­ңиз деңг. 1180 м бийиктикте жайгашкан. Кал­кы 6410 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей,китепкана, эки бала бакча, мад‑т үйү бар. Турмуш‑тири­чилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, да­рыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор­го эстелик тургузулган.