АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:07, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЭЛЕКТРЛЕШТИРҮҮ – а. ч. өндүрүшүнүн ар кыл тармагында электр энер­гиясын колдонуу. Электрлештирүү эмгек өн­дүрүмдүүлүгүн жогорулатууда чоң мааниге ээ. Электрлештирүүнүн натыйжалуулугу мал чар­бачылыгында кеңири байкалат, анткени анда машинелердин дээрлик көбү электр энергиясы менен иштейт. Электр энергиясы механизмдердин иштешин автоматташтырууга шарт түзүүдө. Мал чарба фермаларын суу менен камсыз кылууну электрлештирүү малдан алынуучу продуктулар­дын өсүшүнө шарт түзөт жана эмгектин сарпта­лышын 20%ке үнөмдөөгө алып келет. Электр энергиясы канаттуулар фермасында кеңири кол­донулат (жасалма жол менен балапан чыгаруу, жылытуу, жарык мөөнөтүн узартуу, ыландар­га каршы нурландыруу, тоюттандыруу ж. б.).