АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ, агрометеорология– метеорол. кубулуштар менен айыл чарба өндүрүшүнүн объектилери жана процесстери ортосундагы өз ара байланыш ж‑дөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуулугу менен темп‑расы, кардын түшүшү жана анын калыңдыгы, жер тоңунун тереңдиги ж. б. метеорол. шарттар а. ч. өндүрүшүнө түздөн‑түз таасир этет. Ошондуктан А. ч. м. айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агрометеорол. прогноздоо жолдорун белгилеп, өндүрүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор метеорол. станцияларда жана посттордо жүргүзүлөт.