АЙТМАТОВ М

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:09, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ Мураталы Бекматович ( 16.12. 1957, Ош (азыркы Жалал‑Абад) обл., Жаңы‑Жол (азыркы Аксы) р‑ну, Караван (учурда Кербен ш.) айылы – 2018, Бишкек) – ветеринария илимд. доктору (1997), доцент (1991), проф. милдетин аткаруучу (2010). К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1980). 1980–81‑ж. КАЧИде улук лаборант, Москва ветеринария академиясынын аспиранты (1981–85). 1985–92‑ж. КАЧИнин анатомия жана акушерство кафедрасынынын ассистенти, 1992–97‑ж. ушул эле ин‑тта кафедрада доцент; Айыл жана суу чарба министирлигинде а. ч. кеңеши кызматынын директору (1997–98); 1998–2001‑ж. ошол эле жерде директордун орун басары, 2001–02‑ж. ушул эле фонддун менеджери; 2002–05‑ж. ошол эле министирликтеги Кенеш берүү жана окутуу борборунун директору, 2005–06‑ж. ошол эле жерде башкы тренер. 2006–10‑ж. Ташкенттеги Эл аралык Борб. Азия жана Кавказ б‑ча а. ч‑н изилдөө мекемеси–ИКАРДда ил. кызматкер; 2010‑ж‑дан КУАУнун проф. милдетин аткаруучу жана биомаданий борборунун жетекчиси. Анын 123дөн ашык ил. эмг., анын ичинде 94 методикалык жана практикалык сунуштар, 1 монография, 3 анатомия жана жалпы биология б‑ча терминдердин сөздүгү, 4 ил. китептер, 9 брошюра жана 2 патенти жарык көргөн. Эмг.: Новые в экологии и безопасности жизнедеятельности. Санкт‑П., 1999, т. 1; Ветеринарные лекарственные вещества и их применение. – Б.: 2003.