АЙРЫК
Jump to navigation
Jump to search
АЙРЫК, айрылыш – дарыялардын, тоо тизмектердин, жолдордун тармактанып бөлүнүп кеткен жери. Башка тилдерде жолдор тоому (азербайжан), суу бөлгүч тоо (түрк), дарыя салаасы, тоо тармагы (алтай, өзбек), шадшаар, тоону бөлүп турган капчыгай (тажик) ж. б. маанилерди билдирет. Кырг‑нда «айрык» түшүнүгүнө байланыштуу – Айры‑Таш, Бел‑Айрык, Айры‑Төр, Айры‑Там ж. б. топонимдер бар.