АЙНЕК БЛОКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:13, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК БЛОКТОРУ– айнектен жасалган куру­луш материалы. Ал бири бирине ширетүү менен эки жарым айнек блоктон пресстелип даярда­лып, блок көңдөй болот. А. б. жарыкты жак­шы өткөрүүчү, жылуулук жана үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы б‑ча чар­чы, тик бурчтуу; жарык тех. сапаттары б‑ча жа­рык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук жана күн нурунан сактоочу; кооздугу б‑ча түстүү жана түссүз; констр‑сы б‑ча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу менен даяр­далат. А. б. турак үйлөрдө, коомдук жана өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы жана ички тосмо констр‑лар катарында колдонулат. Блоктор бири‑бири менен цементтелип би­риктирилет.