АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ, Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түш. Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай – Кулдук‑Тоо жана Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км; деңиз деңг. бийикт. 1208–3000 м. Баш жагы Алаудин жана Таркол өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы море­налар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тек­теринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чы­гып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезги­линин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундамен­тин жаап жатат. Климаты континенттик. Ян­вардын орт. темп‑расы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң жана каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. А. ө. аркылуу Ош - Лейлек, Баткен – Палал жана Сох – Риштан автомобиль жолдору өтөт.