АЖЫДААР ТООЛОРУ
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫДААР ТООЛОРУ (бур тилинде Draken sberg) – Түш. Африкадагы Чоң Тектир бөксө тоосунун бир бөлүгү. Ортонку бөлүгүнө Лесото тайпак тоосунун чыгыш чети кирет. Бийикт. 3482 мге чейин (Табана‑Нтленьяна чокусу). Негизинен кумдук тоо тегинен туруп, аны базальт жаап жатат. Нымдуу чыгыш капталдарында 1200 м бийиктикке чейин тропик токою (азыр дээрлик кыйылган), каксоо беттеринде саванна жана бадалдар өсөт.