АЖЫДААР
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫДААР– мифологиялык жаныбар; элдик жомоктордо учуроочу, адамды да, айбанды оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан канаттуу, зор (кээде көп баштуу) жылан. А‑дын алгачкы образы табияттын стихиялык күчүн элестетип, адамга жакшылык да, жамандык да кылуучу жаныбар катары пайда болгон. Мис., «Манас» эпосунда А. суунун жана жаан‑чачындын ээси, аны пайда кыла турган күч катары баяндалат.