АЖАРИЯ АВТОНОМИЯЛЫК РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:36, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАРИЯ (Ачара) Ажар Автономия Республикасы (Ачарис Автономиури Республика), Грузин Респ‑нын курамында. Аянты 2,9 миң км2. Калкы 36,5 миң (2015). А‑да 5 район, 2 шаар, 7 шаарча бар. Борбору – Батуми ш. Закавказьенин түш.-батышынан орун ал­ган. Деңиз боюнда респ‑ны аралап, Колхида ой­дуңунун ичке тилкеси созулуп жатат. Деңиз жээги менен тоо этектеринин климаты жылуу жана нымдуу субтропиктик, тоолуу аймактары нымдуу, мелүүн жана суук. Январдын орт. темп‑расы деңиз жээктеринде 4–6°С, тоолорун­да 2°Сден –2°Сге чейин, июлдуку 22–23°С жана 16–20°С. Жылдык жаан‑чачыны 1000–2800 ммге чейин. Негизги дарыясы – Чорох. Ойдуңдуу аймактарында аллювий жана саз топурактары та­ралган. Аймагынын 50%тен ашыгын жазы жана ийне жалбырактуу токой ээлейт. Жээк тилкелеринде субтропик өсүмдүктөрү өсөт. Кинтри­ши коругу, Батуми ботан. багы уюшулган.
Негизинен ажар, грузин (325 миң, 1993), о. эле орус, армян ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Шаар­лары: Батуми, Кобулети. Шаар калкы 48%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 103,2 жерге киши.
Б. з. ч. 6–4‑к‑да Колхида падышачылыгынын, кийин Иберия падышачылыгынын курамына кирген. Б. з. 4‑к‑нан Лазика мамлекетине карап, андан соң, 8‑к‑дан Абхаз падышачылыгынын бир бөлүгү болуп калган. 10‑к‑да бириккен Грузия мамлекетине кирген. 11‑к‑да селжук, 13-к‑да монгол‑татар жапырыгына учураган. 16­-к‑дын ортосунда Батум (Батуми) обл‑нун борбору жана анын округдары Осмон империясынын курамына кирип, жерг. калк ислам динин тута баштаган. 1878‑ж. Россияга (Батум обл.) кошу­луп, Кутаиси губерниясынын курамына кирги­зилген. 1918–21‑ж. Батумда бир нече жолу бий­лик алмашылган. 1921‑ж. Карсск тынчтык ке­лишими б‑ча Грузиянын курамындагы Батуми­нин автономия статусун сактап калууга Түркия менен Сов. Россия гарант болушкан. 1921‑ж. 16­-июлда ГССРдин курамында Ажар АССРи түзүл­гөн. 1922‑жылдын декабрынан Грузиянын бир бөлүгү катары СССРге кирген. 1990‑жылдын декабрынан азыркыдай аталат.
Негизги өнөр жай тармактары: нефть ажыра­туу, машина куруу (электр-тех. буюмдар, та­мак‑аш өнөр жайына жабдуу, кеме куруу), та­мак‑аш (чай, тамеки, шарап, консерва ж. б.), жеңил, жыгаччылык. Ажарисцкали ГЭСи ку­рулган. Маанилүү а. ч. өсүмдүктөрү – чай, цитрус, тамеки, тунг. Жүзүмчүлүк өнүккөн; жүгөрү, лавр, эвкалипт, бамбук да өстүрүлөт. Башкы деңиз порту – Батуми ш. Деңиз жээгинде Батуми, Кобулети, Цихисдзири, Жашыл Тумшук, Махинжаури курорттору жайгашкан.