АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору м-н методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулук тарын, анын структурасын ж-а өнүгүшүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдей турган адабият таануу илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм ад-ттын пайда болуу ж-а өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын ж-а маанисин изилдеп, ад-ттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теор. жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, ад-ттык анализдин ж-а синтездин принциптерин иштеп чыгат. А. т. эӊ оболу ад-т тарыхы м-н байланыштуу өнүгөт. Ал о. эле эстетика, адабий сын м-н да эриш-аркак байланышта болот. А. т. өзүнүн теор. корутундула рын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети ад-т тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде А. т-нын негизги жоболору ад-т тарыхчысы м-н сынчынын ишине таасирин тийгизип,

жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. А. т-нын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк ж. б.) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. А. т-нын башталышында Аристотель м-н Абу Наср ал-Фараби ж. б-дын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду А.т-нда өзгөчө. 17‒18-к-дан баштап Буало, Дидро, Лессинг, Гердер, Г¸те, Шиллер, 18-к-дын аягы‒19-к-дын башында немец философтору Кант, Фихте, Шеллинг, Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. А. т-нын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теор. деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн амер. илимпоздор Р. Уэллек м-н О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) ж. б. тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде А. т. б-ча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин ж. б. эмгекте ри белгилүү. А. т-н иликтөө ишинде Казакстан дын, Кырг-ндын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мис. казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаилов дун «Адабият теориясы» (1940), З. Кабдолов дун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) ж. б., кыргыз ад-тынын теор. маселелери б-ча Т. Саманчиндин, Б.Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун ж. б. эмгектери бар. Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.