АДРЕСТҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:43, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДРЕСТҮҮЛҮК (ЭЭМде) – электрондук эсепте­гич машинанын командасындагы адрестер саны. А. аткарылып жаткан операциялардын байла­ныштуулугуна жана мүнөзүнө, машинанын раз­ряддык торунун узундугуна, оперативдүү эске тутуучу түзүлүштүн сыйымдуулугуна жана струк­турасына жараша аныкталат. Адрес саны б‑ча командалар бир, көп адрестүү жана адрессиз болуп бөлүнөт. Машиналардын А‑гү туруктуу жана өзгөрмө болуп айырмаланат. Туруктуу А‑тө командалар кодундагы адрестердин саны өзгөрбөйт. Өзгөрмө А‑төгү машинада эсептөө учурунда 4 адрестүү команда системасынан 3 адрестүү команда системасына өтүүгө мүмкүн болот.