АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:08, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК – укуктун мамл. башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу тармагы ж‑a аткаруу бийлигин­де колдонула турган атайын эреже‑нормалар. Булар бийлик органдарынын, мамл. кызмат­керлердин иштерин белгилейт. Юрид. маани­си б‑ча А. у. төмөндөгүлөргө бөлүнөт: а) атайын мамл. ишти аткарууга милдеттендирүү, мис., КРдин жарандык мыйзамдарына ылайык салык ж‑a жыйым төлөөгө милдеттүү; б) тыюу салуу – бийлик көрсөтмөсү б‑ча тыюу салуу, мис., адм. укукту бузганы үчүн жаза; в) ыйга­рым укук берилген бийлик – өз ыктыяры менен нормадагы белгиленген чекте башкаруу.
С. Алымкулов.



АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР – КРдин мыйзамдары менен адм. жоопкерчилик белгиленген аракеттердин же аракетсиздиктин жеке адам же юрид. жак тарабынан укукка каршы атайылап жасалган күнөөлүү аракеттер же аракетсиздиктер (атайылап же байкабастык­тан). А. у. б‑га мис., коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн, санитариялык, өрткө каршы, бажы, салык эрежелерин, электр же жылуулук энергиясын ысырап пайдалануу, жер мыйзамдарын, тарых ж‑a мад‑т эстеликтерин коргоонун, пай­далануунун эрежелерин бузуу ж. б. кирет. А. у. б‑ды атайылап жасаганга аны бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка каршы экендигин, зыяндуу залал болорун билип туруп ишке ашыруусу же ага жол берүүсү кирет. Эгерде адм. укуктарды бузган жак өз аракетинин же аракетсиздигинин аркасында зыяндуу болорун билип туруп, бирок жеңил ойлуу­лук менен аны болтурбаймын деп ойлосо же мын­дай залалдын болорун билбей калып жасаса, анда А. у. б. байкабастыктан жасалган деп эсеп­телет.

К. Эсенканов.