АДЕНОВИРУСТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:02, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОВРУСТАР (гр. aden – без жана вирус­тар) – киши жана жаныбарларда бир катар оору­ларды пайда кылуучу микроорганизмдердин чоң тобу. Алар кишинин аденоид жана бадам бези­нен табылган. А. дем алуу органынын катуу кармоочу бир катар оорусу, конъюнктивит, энтероколиттер, пневмония ж. б. Алар антибио­тиктерге, төмөнкү темп‑рага жана сырткы чөйрөнүн түрдүү шарттарына туруктуу. Ультракыз­гылт көк нурдун таасиринен, 5% түү формалин жана фенол эритмесинде өлөт, к. Аденовирус оору­лары.