АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АДАМ ЖАНА БИОСФЕРА ПРОГРАММАСЫ – табигый ресурстарды пайдаланууну жөнгө салуу проблемалары б‑ча орчундуу изилдөөлөрдү координациялоочу мамл. программа. 1970‑ж. ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясынын 16‑сессиясында эл аралык биол. программанын уландысы катары кабыл алынган; 1984‑ж. программага 90 өлкө катышкан. Негизги милдети дүйнөнүн ар башка аймактарында адамдын биосферага тийгизген таасиринин ж‑a ал өзгөрүүлөрдүн көп түрлүү иш‑аракетинин (жерди иштетүү, инж.-тех. иштер, энергияны пайдалануу ж. б.) өзүнө тийгизген таасирин комплекстүү изилдөө болуп саналат. Программа ушул багыттагы 14 долбоорду камтыйт.