«АЛТЫН ДАН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:44, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

"АЛТЫН ДАН" – ачык акционердик коом. Балыкчы ш-нда жайгашкан. Мурдагы (1928-32) «Эгинтоптоо» чакан элеваторунун буудай кампаларынын базасында уюшулган. 1954-71-ж. реконструкцияланган, жаңы тегирмендер, буудай сактоочу кампалар курулган. 1994-ж. тегирмен кайрадан реконструкцияланып, швейцариялык «Бюллер» фирмасынын вальцалык станоктору коюлган. Стандарттык салмагы 45 кг- дык 1-сорттогу ун чыгарат. Келечекте кондитердик, макарон, консерва цехтерин ж. б. ачуу пландаштырылууда.