АНАУ МАДАНИЯТЫ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:55, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАУ МАДАНИЯТЫэнеолит жана коло дооруна (б. з. ч. 5–3-миң жылдык) таандык археол. мад-т. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал мад-ка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-ж., кийин амер. геолог Р. Пампелли 1904-ж., немец археологу Г. Шмидт ж. б.изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар ж. б. табылган. Бул археол. табылгалар О. Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар А. мад-тын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау мад-тынын 30га жакын эстелиги белгилүү.