«АЗАТТЫК» радиосу
«АЗАТТЫК» – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949-ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «Азаттык» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-ж. бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн алгачкы берүүсүн 1953-ж. 18-мартта Германиянын Мюнхень шаарында обого чыгарган. 1967-ж. «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975-ж. аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) жана амер. түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, Т. Чоротегин (1991-95 жана 1996-98, 2003), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), К. Оторбаев (2005-2006), Т. Чоротегин (2007-2010), 2010-жылдын 1-октябрынан В. Жуматаева жетектеп келет. Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юрид. жактан катталган. Анын Кыргызстанда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, б.а. эртең мененки эки сааттык жана кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү жана Кырг-ндагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. О. эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулайт. Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.