АДАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:31, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАНА С е й х а н – Түркиянын түштүгүндөгү шаар; Адана илинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Сейхан д‑нын боюнда жайгашкан. Б. з. ч. 63‑ж. Рим кол башчысы Гней Помпей негиздеген. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүн Рим менен байланыштырган аскер жолундагы таяныч пункту. Калкы 1,4 млндон ашык (2010). Пах­тачылык өнүккөн маанилүү р‑ндун соода жана өнөр жай борбору. Машина куруу, текстиль, хим., кагаз, полигр., тамак‑аш, жыгаччылык, мебель, цемент өнөр жайы, ун‑т бар. Чоң таш көпүрө (6‑к.), капка калдыгы (782‑ж.) сак­талган.