АВСТРАЛИЯ (мамлекет)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Nurjan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ (Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгашкан Тасмания а. да А-нын курамына кирет.

АВСТРАЛИЯ88.png

Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери жана Торрес кысыгы, чыгышын Коралл жана Тасман де ңиздери, түштүгүн Басс кысыгы жана Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флиндерс, Кинг, Кенгуру ж. б. майда аралдарды, о. эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк а. да А-га карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,1 млн (2013). Борбору – Канберра ш. Расмий тили англис тили.
Акча бирдиги - Австралия доллары.

Мамлекеттик түзүлүшү

А. - Улуу Британия шериктештигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түн. жана Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамл. башчысы – Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны А-нын премьер-министринин сунушу менен мо нарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы – парламент, ал монархтан жана 2 палатадан – Сенат жана Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир ай мактан 2ден депутат) – пропорциялык өкүлдөр системасы б-ча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система б-ча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды – Федерациялык аткаруу советин дайындайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын жана Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендцен башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети жана Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар - графтыкка, графтык - муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легислатура жана өкмөт башкарат.
Табиятын к. Австралия материги.
Калкынын негизин австралиялыктар (31,13%), англичандар (29,65%), ирланддар (9,08%) ж. б. түзөт (2006). Ал эми антропогендик курамы ар түрдүү. Жерг. калкы – австр. аборигендер 2,5%. Алардын англ. колониялоо мезгилинде (18-к-дын аягы) массалык кыргындан калгандары өлкөнүн ички аймактарында гана жашайт. Калгандары ар кыл антропогендик типтерге, көбүнчө европеоид расасына ки рет. А. дүйнөдөгү калк эң сейрек отурукташкан өлкө. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,8

АВСТРАЛИЯ89.png