БАЗАРБАЕВ Чолпонбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:05, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРБАЕВ Чолпонбек (4. 2. 1949, Нарын обл., Кочкор р-ну, Чолпон айылы ‒ 2. 9. 2002, Бишкек ш.) ‒ бийчи, КРдин эл артисти (1979), СССР эл артисти (1982). 1967-ж. М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүткөн. 1967‒68-ж. Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында билимин өркүндөткөн. 1966‒90-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын бийчиси, 1992-ж. КРдин Маданият министри, 2000-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын директору болуп иштеген. Ч. Базарбаев бийдин техникасын мыкты өздөштүрүп, ар кыл мүнөздөгү образдарды тереӊ ачып берген. Анын репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Аккуу көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык

БАЗАРБАЕВ 1111.png

балеттер бий өнөрүн өздөштүрүүнүн эӊ жогорку мектеби болгон. СССР эл артисти Б. Бейшеналиевадан таалим алган. 1970-ж. Польшада «Дон Кихот» балетинен үзүндүнү Б. Бейшеналиева менен бийлеген. Аткарган ролдору: Альберт (А. Адан, «Жизель»), Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»), Нурдин (М. Раухвергер, «Чолпон»), Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»), Жигит (Ф. Шопен, «Шопениана»), Солор (Л. Минкус, «Баядерка»), Макбет (Молчанов, «Макбет»), Чолпонбай (Н. Нурымов, «Өлбөстүк») ж. б. АКШ, Кытай, Япония, Франция, Түркия, Швейцария, Дания ж. б. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), эл аралык «Минон» (Япония, 1993) сыйлыгынын лауреаты. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик хореографиялык окуу жайына анын ысмы берилген (2004).
Ад.: Уразгильдеев Р. Киргизский балет. Ф., 1983.

Ч. Базарбаев ‒ Хозе, А. Токомбаева ‒ Кармен. Ж. Бизе ‒ Р. Щедриндин «Кармен-сюита» балети.