БАГЛАНОВА Роза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЛАНОВА Роза (1. 1. 1922, Кызыл-Ордо обл., Казалы ш. ‒ 8. 2. 2011, Алма-Ата) ‒ опера (сопрано) ж-а эстрада ырчысы, Казак ССР эл арт. (1955), СССР эл артисти (1967). 1939‒41-ж. Кызыл-Ордо педагогикалык институтунда окуган. Өнөр жолун Ташкент филармониясынын ыр-бий ансамблинде ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-ж. 9-майда Берлиндеги жеӊиш концертине катышкан. 1947‒49-ж. Казак опера жана балет театрынын, 1949‒60-ж. Казак филармониясынын,1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Р. Багланова казактын элдик жана композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моӊгол ж. б.) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-ж. Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчыларынын 2-конкурсунун, 1949-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия ж. б.) гастролдо болгон. Комп. Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери ж-а бир нече медалдар м-н сыйланган.

БАГЛАНОВА105.png